Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Кыргызстандык өзбектер жөнүндө китеп чыкты


Кыргызстанда жашап жаткан өзбектердин маданий баалуулуктары жөнүндө китеп жарык көрдү. Бул тууралуу анын автору, Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты Митал Мурзакматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Кыргызстандагы өзбектердин каада-салттары” деген китеп 1 500 нускада кыргыз тилинде чыккан. Жакын арада өзбекчеси басылат.

Китептеги материалдар баардыгы элден жыйналган. Беш-алты жылдан бери калк аралап жүрүп, кишилерден уккан, көргөндөрүмдү гана жаздым. Анда эч кандай саясий, расмий билдирүүлөр жок. Китеп өлкөнүн түштүгүндөгү мектептерге акысыз таратылат”,- дейт Мурзакматов.

Китепти басып чыгарууга “Сорос-Кыргызстан” фонду каржылык көмөк көрсөткөн. Басылмадагы материалдар буга чейин шаардык “Ош шамы” гезитине жарыяланган. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG