Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

Таласта картошка чипс чыгарган завод ачылды


Таласта мурдагы эт комбинатынын ордунда картошканы кайра иштетүү заводу ачылды. Анын ачылыш салатанатына бүгүн вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев катышты. Завод бир суткада 20 тонна картошканы кайра иштетип, 5 тонна даяр продукция чыгара алат. Анын жарымы - чипстер, калганы - картошканын талканы болот. Ишкананы ачууга Индия өкмөтүнөн 2 миллион 400 миң доллар инвестиция тартылды. Дагы 21 миллион сомду кыргыз өкмөтү бөлүп берип, курулуш иштерин аткарды.

Бул заводду ачуу былтыркы ноябрга эле пландаштырылып жаткан болчу. Бирок кыргыз тарап келишимди толук аткара албай жатканынан ачылыш күнү бир нече жолу жылдырылган. (RK)

XS
SM
MD
LG