Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Франция: Мохаммед Мер өлтүрүлдү


Франциянын Тулуз шаарында жети адамды атып өлтүргөн деп шектелип жактан Мохаммед Мерди полиция эки күндөн бери колго түшүрө албай, үйүн курчап турган. Ал азыр эле полициянын огунан мерт кеткенин атын атоону каалабаган француз коопсуздук күчтөрүнүн кызматкери журналисттерге маалымдады. Бир нече саат мурда анын короосунда жардыруу болуп, ок атылган үндөр угулуп жаткан. «Ал-Каида» менен байланышы бар делген Мохаммед буга чейин эки жолу Ооганстанда болгон, Пакситандын Вазирстан провинциясындагы жоочулардын базасында машыгуудан да өтүп келгенин Париж прокурору маалымдады. Мохаммед майда кылмыштар үчүн Францияда он беш жолу соттолгон экен.

Ал Тулуздагы жөөттөр мектебинде окуучуларды атып салган, андан мурун аскер кызматкерин, жалпысы жети адамды өлтүргөн деп шектелип, колго түшпөй жаткан болчу.

XS
SM
MD
LG