Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Текебаев менен Жолдошева талашкан чындык


Коогалаң миңдеген адамдарды турак жайсыз калтырды, 20-август, 2010-жыл
Коогалаң миңдеген адамдарды турак жайсыз калтырды, 20-август, 2010-жыл

Бишкек шаардык соту июнь коогалаңын иликтеген баяндамалардын бирине байланыштуу Жогорку Кеңештин жоопкерчилигин карайт деп болжолдонууда.

Мындай жагдайдын түзүлүшүнө депутат Өмүрбек Текебаевдин июнь окуясына тиешеси бар-жогун аныктап берүүнү өтүнүп, сотко кайрылганы себеп болгон. Сотко кайрылууда депутат өзүнүн кесиптеши Жылдызкан Жолдошеванын баяндамасын негиз кылган.

15-марттагы отурумунда Бишкек шаардык соту арызда келтирилген негиздерге баяндама даярдаган депутат эмес, Жогорку Кеңеш жооп бериши керек деген тыянагын берген.

2010-жылдын башында июнь жана апрель окуяларынын келип чыгышын иликтөө үчүн 25 депутаттан турган комиссия түзүлгөн. Бирок тыянагында комиссиядан бөлүнүп, анын мүчөлөрү Исмаил Исаков менен Жылдызкан Жолдошева өздөрүнүн жеке отчету менен чыгышкан болчу.

Ошол кезде Жолдошева Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүн жикчил күчтөр менен “саясий оюндарды ойногон” деп айыптаган. Отчетто: Өмүрбек Текебаев менен Кадыржан Батыровдун (Жалал-Абад облусундагы өзбек улуттук-маданий борбордун мурдагы жетекчиси) ортосундагы шектүү мамилелер укуктук жана этикалык жактан иликтениши зарыл”, – деп жазылган.

Ошондой эле отчетто: “Бакиевдин үйүндөгү Кыргыз Республикасынын желеги өрттөлүп жатканда Кадыржан Батыров менен Асылбек Текебаев (Өмүрбек Текебаевдин иниси) күлүп, карап турушкан”, - деп жазылган. Мындан сырткары "Коогалаң" деген аталыштагы тасмада июнь коогасынын хронологиясы көрсөтүлгөн.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев Жолдошева жарыялаган отчеттогу айрым маалыматтарды жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылган себебин “Азаттыкка” мындайча ачыктады:

- Бул айтылган жалаалардын бардыгы жалган, "тастыктап бериңиз" деп сотко кайрылгам. Жылдызкан Жолдошева аны “мен айткан эмесмин” деп жоопкерчиликтен качып жүрөт. Эл алдында “баарын мен далилдейм, колумда далилим бар” дегени менен сотко тайсалдап, жарым жылдан бери барбай, Келдибеков төрага болуп турганда ошондон, ЖК Регламент комитетинин төрагасы Курмантай Абдиевден справка алып барып, өзү соттон качып жүрөт. Тилекке каршы сот да ошол каттарга таянып, "Жолдошева жооп бербейт" деп айтып жатат. Бирөө жооп бериш керек да, жооп бербей турган кырдаал болбойт. Эми сот анын ордуна Жогорку Кеңеш жооп берет деп Биринчи май райондук сотко жөнөттү.

15-марттагы отурумунда Бишкек шаардык соту баяндама даярдаган депутат эмес, Жогорку Кеңеш жооп бериши керек деген тыянагын берген. Буга чейин Октябрь райондук соту да Конституциянын 72-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттын макамы тууралуу мыйзамдарга таянып, Текебаевдин доо арызын канааттандырган эмес. Ал эми Жылдызкан Жолдошева сотко катышкан жок деген пикирлерди четке какты.

- Ошондогу видео отчеттогу фактылар чындык экенин мойнума алам дегем. Анткени муну атайын расмий органдар берген. Экинчиден, Текебаев мени сотко барбай жатат дегени туура эмес. Октябрь райондук сотко анын да, менин да өкүлүм барды. Бишкек шаардык сотуна мен да, Текебаев да бардык. Эмне үчүн жалган айтат? Сот акыйкат, адилет чечимин чыгарып атат. ЖК Регламенти жөнүндө, депутаттын макамы жөнүндө мыйзам бар. Ошого ылайык депутат чындыкты айтып жатып запкы жебеш керек. Текебаев менин алдымда өзүн өзү актап эмне кылат? Элдин алдында акталсын, элге барсын. Видео отчетто мен айтып жаткан жокмун, Бакиевдин үйүн өрттөп жатканда анын маңдайындагы кошуналар айтып жатат.

Серепчи Руслан Ташанов бул боюнча өзүнүн пикирин билдирди:

- Кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттер болсо сот, тартип коргоо органдары тиешелүү иликтөөлөрдү жасап, тиешелүү чечимди чыгарыш керек. Ал эми июнь окуясы боюнча айтсак, азыркы бийлик турганда июнь коогалаңы боюнча эч качан адилеттүү саясий чечим чыгат деп ишенбейбиз. Анткени ушул бийлик тушунда июнь коогасы орун алды.

Текебаевдин айтымында, Бишкек шаардык соту коогалаңды иликтеген баяндамалардын бирине байланыштуу Жогорку Кеңештин жоопкерчилигин кароону Биринчи май райондук сотко өткөрүп берген. Эми аталган сот Жогорку Кеңештин жоопкерчилигин карайт деп болжолдонууда. Ал эми Текебаев ал сотко бардык күбөлөрдү чакырууда.

Эгер сот кайра уланып, Жолдошева чакырылса, фактылар менен далилдөөгө даяр экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG