Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

Бишкекте кургак учукка каршы жөө жүрүш өтөт


Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата Бишкектеги Жеңиш аянтында бүгүн жөө жүрүш уюштурулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө. Жүрүшкө медицина кызматкерлери, бул багытта билим алып жаткан студенттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Дүйнөдө кургак учукка каршы күрөшүү күнү жыл сайын 24-мартта белгиленип келет. Кургак учуктун жаңы катталган учурларынын 90-95 пайызы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө туура келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG