Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Эмгек кодексинин жаңы редакциясына каршылар митингге чыгышты


Ушу тапта Жогорку Кеңештин алдында Кыргызстандын Эмгек кодексинин жаңы редакциясына каршылардын митинги өтүп жатат. Кабарчыбыздын ошол жерден маалымдаганына караганда, чогулгандардын саны эки жүздөй киши. Ошондой эле ушу тапта Кыргызстандын кесиптик кошуундар бирикмеси менен Экономика жана монополияга каршы министрлигинин жолугушуусу өтүп жатат.

Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги тарабынан Жаштар, эмгек жана элди жумуш менен камсыз кылуу министрлигинин катышуусунда даярдалган Эмгек кодексинин жаңы редакциясы Кыргызстанда иш берүүчүлөргө көбүрөөк укук берүүнү көздөөрү айтылууда. Кесиптик кошуундар жаңы долбоор жумушчулардын укугун чектейт деп билдирүүдө. Жаңы кодекс учурда коомдук талкууда. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG