Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Бильярд чемпионатында алдыга эки кыргызстандык чыкты


Бишкекте кечээ ачылган бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионатта алгач тандалган 64 оюнчунун арасында эки гана кыргызстандык бар. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, алар - Каныбек Сагынбаев жана Ызатбек Ратбеков. Бүгүн дагы 18 кыргызстандык оюнчу 1/32 финалга чыгуу укугу үчүн таймашат.

24-мартка чейин мыктыларды иргеп алуу таймашуулары Бишкектеги «Кондор» жана «Тагай бий» бильярд клубдарына өтүп, финалдык беттешүүлөрү 25 -мартта Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот.

Дүйнө чемпионатынын байге кору 30 миң АКШ долларын түзүп, чемпион болгон спортчу 8 миң доллар акчалай сыйлыктын ээси болот. Кыргызстандын намысын Каныбек Сагынбаев баштаган 16 спортчу коргоп жатышат. (KMa/RK)

XS
SM
MD
LG