Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Базар-Коргон: Кутурган ит тиштеген киши ооруканага жеткирилди


Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда кутурган ит тиштеп алган адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

19-март күнү Беш-Бадам айылынын тургуну Мамыркулов Алиханды ит тиштеп алган. Лабораториялык текшерүүнүн натыйжасында ит кутурма оорусу менен ооругандыгы аныкталган. Мамыркулов Алихан жана анын энеси Мамыркулова Рахима райондук ооруканада кутурма оорусуна каршы дарыланып жатышат. Райондук ветеринардык башкармасы тарабынан иттин өлүгү көмүлүп, оору чыккан жерде малды кутурма оорусуна каршы эмдөө жүргүзүлгөнү кабарланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG