Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Сосновкада Бишкек - Ош жолуна чыккан 85 унаа токтоп турат


Бишкек - Ош унаа жолунун Сосновка (Чүй облусу) постунда ушу тапта Ош тарапты көздөй чыгып, жол жабылганынан өтө албай жаткан 35 жүк ташуучу жана 50 жеңил унаа токтоп турат. Айдоочулар менен жүргүнчүлөргө жылынууга Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен 30 орундуу 2 чатыр, 10 орундуу 1 чатыр (медпункт) тигилип, жылуу тамак уюштурулду. Ал жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Балта шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары иштөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG