Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:06

Чычкандын кире беришинде топтолгон жүргүнчүлөр жардамга муктаж


Ушу тапта Жалал-Абаддын Токтогул районунда Бишкек - Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайында эки жүздөй автоунаа топтолуп турат. Бул тууралуу "Азаттыкка" ошол жерде турган жүргүнчү, өзүн Алайбек Эсенбаев деп тааныштырган жигит билдирди. Анын айтымында, "жүргүнчүлөрдүн арасында жаш балалуулары бар, топтолгон адамдарга жылуу тамак уюштурулган эмес".

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов чынында эле ошол жерде унаалар топтолуп турганын, бирок саны эки жүз эмес, кыйла азыраак экенин айтууда. Бүгүн министр Кубатбек Боронов ал жүргүнчүлөргө ысык тамак уюштуруп, шарт түзүп берүү боюнча жергиликтүү бийлик органдарына кошумча тапшырма берди.

Кар көчкү жүрүү коркунучуна байланыштуу Бишкек - Ош унаа жолу 20-марттан бери жабык турат. Качан ачылаары белгисиз. Учурда Токтогул районундагы "Арал" постунун жанында топтолуп тургандар бул эскертүүгө карабастан жолго чыгып алгандар экени айтылууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG