Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

24-мартка карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
23-26-мартта жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы
24-мартта Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан-чачын күтүлөт. Тоолуу жерлерде жана тоо этектеринде жолдор тайгак болот. Батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 9...14,
Талас облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 9...14,
Баткенде түнкүсүн -2...+3, күндүз 9..14 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7 градус, күндүз 2...7,
Нарында түнкүсүн -9...-14, күндүз 0..-5,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -21..-26, күндүз -7...-12,
Тоолордо түнкүсүн -14...-19, ал эми күндүз -4..-9 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0...2 градус жылуу, күндүз 10...12 градус жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG