Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Баткенде кар көчкүдөн жабыркаган бир киши ооруканада көз жумду


Баткен облусунда кар көчкүдөн жабыркап орууканга түшкөн бир киши көз жумду.

Бул тууралуу облустук биргелешкен ооруканадан «Азаттыкка» бүгүн маалымдашты.

Маалыматка ылайык, мындан 4 күн мурда Баткен районунун Зардалек аймагында кен иликтеп жаткан кытайлык компанияда эмгектенген тракторист кар көчкү астында калып ооруканага түшкөн. Ош облусунун Ноокат районунан келип иштеп жаткан жаран облустук оорукананын реанимация бөлүмүндө бүгүн каза болду. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG