Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Жылдын мыкты акын-жазуучулары аныкталды


Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын 2011-жылдагы мыкты акын-жазуучуларын аныктаган сынактын жыйынтыгы жарыяланды. Чыңгыз Айтматовдун "Ысык-Көл форуму", "Жаңы Ала-Тоо" адабий журналы жана "Турар" басмаканасы уюштурган бул сынакка 120дан ашуун чыгарма сунушталган.

Жыйынтыгында проза боюнча экинчи орун жазуучу Бейшенбай Усубалиевге, публицист Абдыкерим Муратовго, окумуштуу жана журналист Арслан Капай уулу Койчиевге ыйгарылды. Биринчи орунду акын Акбар Рыскулов ээледи.

Поэзия боюнча экинчи орун акын жана журналист Жыргалбек Касаболотовго, биринчиси журналист Сергей Степановго ыйгарылды.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө "Арча" адабий сыйлыгы жана дипломдор тапшырылды. Акын-жазуучулардын мыктысын тандаган мындай сынак Кыргызстанда быйыл экинчи жолу уюштурулууда. (RK)

XS
SM
MD
LG