Линктер

жума, 24-февраль, 2017 Бишкек убактысы 23:15

Ооган крикетчилери финалда


Ооганстандык крикетчилер Twenty/20 World Cup - Жыйырма/20 Дүйнө кубогунда финалга чыкты. Ооганстандын тандалмасы беделдүү мелдештин финалына экинчи жолу чыгууда.

22-мартта Дубайда болгон беттешүүдө ооганстандык крикетчилер Намибиянын улуттук командасын утту. Эми сентябрда Шри-Ланканын тандалмасы менен беттешет. Ооган командасынын капитаны Навруз Мангалдын айтышынча, 22-март - ооган элинин тарыхындагы улуу күн болду жана анын командасы дагы чоң мелдештерге катышканга даяр.

Крикет Ооганстанда жакынкы жылдары ойноло баштаганы менен спорттун өтө популярдуу түрүнө айланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG