Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:56

Чаткалда калыңдыгы бир жарым метрдей кар жатат


"Чаткалда ушу тапта калыңдыгы бир жарым метрдей кар жатат, жолдор жабык, мал четинен кырылып баратат", - деди бүгүн "Азаттыкка" телефон чалган Чаткалдын Ак-Таш айылынын тургуну Уларбек Мырзабаев.

"Кардын айынан жолдун баары жабык. Кечээ бир наристебиз ооруп калып, аны араң дегенде эптеп жатып ооруканага жеткирдик. Ун да түгөнүп баратат. Эл өтө оор ахыбалда. Чөптүн бир түгү бизге жеткенче 500 сомго чыгып кетүүдө. Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановго Чаткалда абал оор экенин айтып койгулачы", - деп өтүндү Уларбек Мырзабаев.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кар көчкү коркунучуна байланыштуу Чаткалда жол каттамы райондун акиминин 16-мартындагы буйругу менен убактылуу жабылган. Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жана Красная Горка – Ак-Таш унаа жолдорун кардан тазалоо иштери уланууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG