Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Хорватия да Иранга каршы санкцияга кошулат


Хорватия да Европа Биримдигине кошулуп, Ирандан мунай сатып алууну токтоторун билдирди. Хорватиянын тышкы иштер министринин орун басары Йошко Клисовичтин маалымдашынча, Хорватия Ирандан мунай, мунай заттарын жана мунайдан жасалган химиялык заттарды алууга тыйуу салат. Евробиримдик ушул жайга чейин Ирандын мунай өнөр жайынын продукцияларын импорттоо токтотулат деп чечкен. Хорватия эмбаргого 2013-жылы кошулат деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG