Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Түрктөр Төлөмүш Океев жөнүндө тасма тартканы жатат


Бул үчүн Түркиядан атайын топ Кыргызстанга келгенин “Азаттыкка” Кыргыз эл Баатыры, Эл жазуучусу Бексултан Жакиев кабарлады. Анын айтымында, көрүнүктүү кинорежиссер, Кыргызстан Ленин Комсомолунун, Кыргызстан Мамлекеттик сыйлыгынын ээси Төлөмүш Океев тууралуу даректүү тасма тартылмакчы. Түркиядан келген адистер режиссерду жакшы тааныган, чыгармалары менен жакындан тааныш кесиптештери, теңтуштары, туугандары менен жолугушмакчы.

Океев “Махабат дастаны”, “Кожожаш”, “Кызыл алма”, “Уркуя” жана башка тасмаларды тарткан. Ал 1990-1994-жылдары кыргыз парламентинин депутаты болгон. 1993-1998-жылдары Кыргызстандын Түркиядагы элчиси, кийинчерээк ТүркСОЙдогу кыргыз өкүлү болуп иштеген.

Төлөмүш Океев 2001-жылы Анкарада каза тапкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG