Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Канат Сыдыков бильярд чемпионатында жарым финалга чыкты


Ушул тапта Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан бильярд боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык Канат Сыдыков жарым финалга чыкты. Чейрек финалда Сыдыков украиналык атаандашы Ярослав Тарновецкий менен беттешип, 5:2 эсебинде жеңди. Ал буга чейин жети оюнда украиналык, беларус, казакстандык, ооганстандык, өзбекстандык жана орусиялык атаандаштарын жеңген. Мындан сырткары орусиялык бильярд чеберлери Никита Ливада менен Юрий Пащинский да жарым финалга чыгышты. Финал 25-мартта Спорт ордосунда өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG