Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Пан Ги Мун Түндүк Кореяны ракета боюнча планын карап чыгууга үндөдү


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Түндүк Кореяны ракета учуруу планын кайра карап чыгууга үндөдү. Бүгүн баш катчы Сеулда Түштүк Кореянын президенти Ли Мун Бак менен жолугушту. Пхеньян эмки айда узун аралыкка учуучу ракетанын жардамы менен сателлит учураарын жарыялаган. АКШ жана Түштүк Корея Түндүк атомдук дүрмөт ташыган ракеталарды сыноону көздөп жатаканынан чочулашат. Вашингтон бул кадам Түндүк Кореяга азык-түлүк жардамын берүү планын үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн деп эскертти.

Сеулга ошондой эле АКШ президенти Барак Обама жөнөп кетти. Түштүк Кореянын баш калаасында дүйшөмбүдө атомдук терроризмдин ыктымал коркунучуна каршы күрөшүүгө арналган саммит башталмакчы. Жыйынга 50дөн ашуун өлкөнүн лидерлери катышат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG