Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Кувейтте казак гимнинин ордуна тасмадан музыка жаңырган


Кувейтте тапанчадан атуу боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрүнө медал тапшыруу аземинде уюштуруучулар Казакстандын гимни ордуна Борат деген комедиядан ырды жаңылыш коюп алышкан. Туура эмес музыка жаңырганын түшүнгөн чемпионаттын уюштуруучулары кийин кечирим сурашты.

Алтын медалдын ээси Мария Дмитриенконун машыктыруучусу Анвар Юнусметовдун айтымында, уюштуруучулар обонду интернеттен адашып көчүрүп алышкан экен.

Британиялык Саша Барон Коэн 2006-жылы тарткан комедияда казактар мазакталып көрсөтүлгөн. Фильм казактардын нааразылыгын жаратып, кийин ага тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG