Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо башталды


25-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор, Ош облусунун Алай районундагы Будалык, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан, Ысык-Ата районундагы Милянфан айылдык кеңештерге жана Кемин шаарчасына депутаттарды шайлоо башталды. Мындан сырткары Балыкчы шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо өтүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтырылган системасындагы маалыматка ылайык, эртең мененки саат 10го карата Балыкчыда шайлоочулардын 7% ашууну добуш берген.

Бардык аталган аймактарда шайлоо эртең мененки саат 8де башталып, кечки саат 7де аяктайт. БШК ар бир үч саатта добуш бергендердин саны боюнча маалымат берип турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG