Балыкчы шаардык кеңешке депутаттарды шайлоодо добуштардын баары саналып бүттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Александр Гудков кабарлады. Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтырылган системасындагы маалыматка ылайык, “Республика” партиясы 12,81% добуш алып алдыга чыкты. Ал эми Социал-демократтар үчүн шайлоочулардын 12,49, “Замандаш-Современник” – 10,84, “Ата-Мекен” партиясына 8,7% добуш берген. “Кыргызстан жаштар кеңеши” 6,61, “Данакер” – 5,4, “Баястан-жыргал kg” – 5,27, “Кумтөр элдики” шайлоочулар тобу 5,12% добушка ээ болду. Шайлоого жалпысынан 6 партия, 11 шайлоочулар тобу катышты. Шайлоочулардын 45,59% добуш берди. Талапкерлер 31 орун үчүн ат салышты.
Мындан сырткары 25-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор, Ош облусунун Алай районундагы Будалык, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан, Ысык-Ата районундагы Милянфан айылдык кеңештерге жана Кемин шаарчасына депутаттарды шайлоо өттү. (КЕ)