Чет өлкөгө барган кыргызстандыктарды кыргыз өкүлчүлүгүндө каттоо мөөнөтү узартылды. "Тышкы миграция жөнүндөгү" мыйзамга киргизилген өзгөртүү боюнча, каттоо мөөнөтү эми 15 күн болот, мурда үч күн болчу. Тиешелүү мыйзам долбоорун парламент 9-февралда кабыл алган, президент бүгүн кол койду. Максаты - чет жактагы кыргызстандыктарды консулдук тейлөөнү жакшыртуу. (RK)