Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Минскиде алгачкы жолу оппозициянын бийликтер уруксат берген митинги өттү


Оппозициянын митинги, Минск, 25-март, 2012
Оппозициянын митинги, Минск, 25-март, 2012
Кечээги митингге 2000 адам катышты. Президент Александр Лукашенко 2010-жылы шайлоодо утуп, талаш-тартыштар чыккандан бери оппозициянын жыйындарына уруксат бербей келген эле.

Беларус республикасынын көзкарандысыздыгы 1918-жылдын дал ушул күнүнөн башат алат. Азыр аны “Эрктин күнү” катары бейрасмий майрам катары белгилешүүдө. Оппозиция болсо бул күнү президент Александр Лукашенкого каршы нааразылык акцияларды өткөрүп келатат. Кечээги демонстрация полициянын калың тобунун катуу көзөмөлү астында өттү.

XS
SM
MD
LG