Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Индиялык тасма Пакистанда цензурадан өткөн жок


Пакистанда Индиянын “Болливуд” кинокомпаниясында тартылган “Агент Винод” көркөм тасмасын өлкөдө көрсөтүүгө тыйуу салынды. Дүйшөмбү күнү Пакистандын цензуралоо комиссиясы көркөм тасма комиссия бекиткен жобону бузганын билдирди.

Индиялык Жэймс Бонд жөнүндөгү тасмада пакистандык генералдар менен чалгынчы-тыңчылардын тамашалуу образдары түзүлүп, пакистандык ырасмий адамдардын Ооган талиптерин колдогону жана Жаңы Делиде ядролук бомба салынган чемоданды калтырып кетүү планы көрсөтүлөт. “Болливудда” тартылган тасма өткөн аптада Пакистандын Лахор жана Карачи шаарларында көрсөтүлө башталмак.

XS
SM
MD
LG