Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Иран президенти: АКШны Ооган калабасынын себепчиси


Махмуд Ахмединежад Вашингтондун Ооганстандагы саясаты өлкөнүн башына түшкөн бардык балээнин булагы болууда деп санайт. Ахмединежаддын Дүйшөмбү шаарындагы эл аралык конференцияда айтышынча, Кошмо Штаттар Ооганстанга 2001-жылы терроризмге каршы күрөшөбүз деген шылтоо менен кирип, азыр жогорудагыдай жүйөгө жамынып, бүтүндөй регионду курчоого алууну көздөөдө.

Иран президенти сүйлөй баштаганда, АКШ мамкатчсынын жардамчысы Роберт Блейк баштаган америкалык делегация залдан чыгып кетти. 2005-жылдан бери жыл сайын өтчү Дүйшөмбү конференциясы Ооганстанды калыбына келтирүүдөгү эл аралык кызматташууну бекемдөөгө багытталган.

XS
SM
MD
LG