Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

Карамушкина: Армияда мурда соттолгон офицерлер бар


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетинин жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди. Ал жоокерлерге тарбия берчү офицерлердин өздөрүнүн жүрүм-турумунда маселе бар экендигин, аскер бөлүктөрүндө мурда кандайдыр бир иштер боюнча жоопко тартылып, бирок кийин акталган отуздан ашуун офицер дагы деле иштеп жаткандыгын мисал келтирди. Ошондуктан аскер бөлүктөрүндөгү командирлердин жана башка аскерий аткаминерлердин иштөө усулдарын текшерип чыгуу демилгеси көтөрүлдү.

26-мартта аталган комитет Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүгүнүн жоокерлеринин мончодогу мушташын талкуулаган. Коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов муну бейбаш жоокерлерге карата жазалоо чаралардын жумшактыгы менен байланыштырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG