Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Доминик Стросс-Каннга расмий түрдө айып тагылды


Эл аралык валюта корунун мурдагы жетекчиси Стросс-Канндын сексуалдык мүнөздөгү ишин Лилл шаарынын тергөөчүлөрү карап жатышат.

Тергөөнүн билдиргенине караганда, Стросс-Канн бир нече жолу Лиллде, Парижде жана Вашингтондо сойкулардын катышуусундагы отуруштарга катышкан. Бирок анын адвокаттары билдиришкендей, Канн ал жолугушуулардагы аялдар сойкулар болушканынан кабары болгон эмес жана күнөөсүн мойнуна алган жок.

Стросс-Канды былтыр Нью-Йорктогу мейманкалардын биринде кызматкер аялды зордуктаганга аракет кылган деп айыпташкандан кийин ал кызматтан кеткен болчу. Бирок кийинчерээк айыптар алынып салынган.

XS
SM
MD
LG