Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Кызыл-Кыя: Өрт кырсыгы бир адамдын өмүрүн жалмады


Соңку үч күндүн ичинде Кыргызстандын аймагында катталган өрт кырсыктарында үч адамдын өмүрү кыйылды. Ушул түнү Баткендин Кызыл-Кыя шаарында Юбилейная көчөсүндөгү батирлердин биринде 1963-жылы туулган, I топтогу майып Лехунов Михаилдин сол бети, капталы күйгөн сөөгү табылды.

25, 26-мартта да Чүйдүн Сокулук районунда жана Талас шаарында өрттө эки адам каза тапкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов быйыл январ-февралда Кыргызстандын аймагында өрт кырсыгында 13 адамдын өмүрү кыйылганын, алардын бешөө өспүрүмдөр экенин "Азаттыкка" кабарлаган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG