Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Манас аэропортуна бараткан жолду тосуу аракети жасалууда


Ушу тапта Манас аэропортуна бараткан жолдогу Чүйдүн Учкун айылында нааразылык акциясы өтүп жатат. Өзүн Бурулсун Баева деп тааныштырган айымдын "Азаттыкка" билдиргенине караганда 200-300дөй адам чогулуп турат. Алар жердин акыйкат бөлүштүрүлүшүн талап кылып жатышат. Анын айтымында, "чоңдор, акимдер жана колунда барлар жергиликтүү элге тиешелүү жерлерди 80-100 гектардан бөлүп өзүлөрүнө жаздырып алышкан".

Чүй милициясынын жетекчиси Бактыбек Жусубалиев нааразылык акциясына жыйырмадай киши чогулупганын, алар унаа жолду бууганга аракет кылып жатышканын, бирок буга жол берилбесин "Азаттыкка" айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG