Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына Орусия өкмөтү техникалык жардам берди. Чек ара кызматынан кабарлашкандай, кечээ Бишкекке алты КАМАЗ жана 18 УАЗ келди. Жакында аскердик-техникалык жардам Ошко да келет. Жардам эки өлкөнүн ортосунда мурда кабыл алынган макулдашуулардын негизинде берилүүдө. Максат - КМШнын түштүк-чыгыш чектеринин коопсуздугун камсыздоо. (RK)