Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Муктаж болгондорго өкмөт бекер ун таратат


Муктаж болгон үй-бүлөлөргө өкмөт 675 тонна унду бекер таратып берет. Бул тууралуу токтом жакында чыгаарын премьер-министр Өмүрбек Бабанов бүгүн өкмөт жыйынында айтты.

"Жардам берүүгө болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек. Түштук облустарга бир авторейс уюштуруу үчүн 60-80 миң сом талап кылынат экен. Бул акчаны өкмөт бөлүп берет.", - деди премьер-министр.

Буга чейин маалым болгондой, Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасы Кыргызстанда жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн ар бирине 75 килограмм ун жана 6 литр витамин кошулган өсүмдүк майынан бекер бермей болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG