Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

Көл жээгинде классикалык балет боюнча эл аралык фестивал өтөт


Быйыл күзүндө Ысык-Көлдүн жээгинде классикалык балет боюнча эл аралык фестивал өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлайт. Иш-чара белгилүү балет бийчиси, маркум Чолпонбек Базарбаевдин жаркын элесине арналып уюштурулууда.

Бүгүн Базарбаевге жана эл аралык Театр күнүнө арналып Бишкекте телемарафон өттү. Быйыл сентябрда Чолпонбек Базарбаевдин кайтыш болгонуна 10 жыл толот. Ал Борбор Азия аймагында классикалык бий жана академиялык хореограция боюнча СССРдин Эл артисти наамына татыган жалгыз бийчи болгон. 25 жыл бою көптөгөн чет мамлекеттердеги иш-чараларга кыргыз балетинин татыктуу өкүлү катары катышып жүрдү. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG