Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:33

Казакстан “Бораттын” гимни боюнча арыз берди


Кувейттеги мелдеште казак спортчусунун урматына сатирикалык “Борат” көркөм тасмасындагы Казакстандыкы делген гимн ойнотулгандан кийин казак улуттук спорт агенттиги Азиялык олимпиада комитетине арыз менен кайрылды. Арызда бул калпыстык үчүн Кувейттин Атуу боюнча мелдешинин уюштуруучулары күнөөлүү деп айтылат.

Кувейтте өткөн аптада көзгө атаар мерген Мария Дмитриенко алтын медал алганда англиялык куудул Саша Барон Коэн ойногон "Борат" тасмасындагы ыр ойнотулган эле. Бул тасма чоң экранга чыкканда араб өлкөлөрүнүн басымдуу көпчүлүгүндөй эле Кувейт да ага тыюу салган.

XS
SM
MD
LG