Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:04

Жаңы-Өзөн сотуна бардык каалагандар кире албады


Жаңы-Өзөндөгү толкундоолор боюнча кылмыш иштерин карап жаткан убактылуу сотко келген жүздөгөн киши жыйын залына кире албай турат. Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн шаарындагы былтыр декабрдагы толкундоолордо полиция аз дегенде 16 кишини атып өлтүргөн. Бул окуяга байланыштуу 37 кишиге "башаламандыкты козуткан" деген айып коюлууда. Мындай кинени четке каккан айыпталуучулардын колдоочулары күнөө тартип коргоочуларда экендигин айтышкан. Жаңы-Өзөнгө жакын жайгашкан Актау шаарындагы убактылуу сотко келген 200 чакты кишинин бардыгы кире албай, сыртта калышты.

XS
SM
MD
LG