Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Рим папасы Кубанын элин "ачык коом" курууга чакырды


Сантягодо ачык асман алдында таат окуганда Кубага үч күнгө келген Бенедикт XVI "Иисус Христос менен жана Иисус Христос үчүн тынчтыкта, кечиримдүүлүктө жашап, жаңыланган, ачык, Кудайдын жакшылыгын жакшыраак чагылдырган коомду куруу үчүн мен өз ишенимиңерди бекемдөөгө чакырам", - деди.

Рим Папасын президент Раул Кастро кабыл алды. Тааттын алдында "Жоголсун коммунизм!" деп ураан чакырган кишини коопсуздук кызматкерлери кармап кетишти. Кубада рим католиктер калктын 10 пайыздан азын түзөт.

XS
SM
MD
LG