Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

Бүгүн Индияда BRICSтин саммити ачылат


Нью-Делиде бүгүн Орусия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африканы бириктирген өнүгүп келаткан экономикалардын (же BRICSтин) саммити ишин баштамакчы. Аталган беш мамлекеттин башчылары бүгүн-эртең глобалдык экономикадагы акыбалды, эл аралык стабилдүүлүк жана коопсуздук өңдүү маселелерди талкуулашат.

Кабарларга караганда, алар Эл аралык Валюта кору жана Дүйнөлүк банк өңдүү ири каржы уюмдардын жетекчилигин дайыма эле Батыштагы өлкөлөрдөн шайлабай, тез өнүгүп келаткан башка мамлекеттерден да талапкерлерди караштырууну сунуш кылсакпы деп ойлонуп турган чагы.

XS
SM
MD
LG