Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Ташчайнарга таластыктар 63 миң сом чогултуп беришти


Талас шаарында Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектепте Ташчайнар деген каймана ат менен таанымал Нурлан Алишеровдун чыгармачылыгына көмөктөшүү үчүн марафон өттү. Уюштуруучулардын айтымында, жалпысынан 63 миң сом каражат түштү.

Иш-чаранын алкагында Ташчайнар оозуна 10 грек жаңгагын салып Кыргызстандын жана Таластын гимнин аткарып, көрүүчүлөрдү таң калтырды.

Нурлан Алишеровдун продюсери Максат Чекиевдин айтымында, балбан буга чейин тиши менен 20 жеңил унаа, 34 тонналык учакты сүйрөгөн. Эми 120 тонналык теплоходду сүйрөөгө камынып жатат. “Андан тышкары Гиннестин рекорддор китебине кирүүгө арыз бердик” деп кошумчалады Чекиев. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG