Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:40

Таш-Көмүрдө жарга кулаган унаанын жүргүнчүлөрү ооруканада


Өткөн түнү Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында “Гольф 3” үлгүсүндөгү жеңил унаа Кызыл-Жар-12 айылынын Карл Маркс көчөсүндө жарга кулап түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун билдиргенине караганда, үч жүргүнчүнүн экөө жабыркаган. 1986-жылы туулган Мамытбеков Сулаймандын колу сынып, 1988-жылкы Бекешов Шералынын буту сынган.

Жабыркагандарды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Таш-Көмүр шаарындагы 2-Издөө куткаруу отрядынын ага лейтенант Атамбеков баштаган беш кишиден турган куткаруучулар тобу бошотуп алды. Кырсыктаган эки адам Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилди. Алардын абалы орточо экени айтылууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG