Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:34

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолунда карды атып түшүрүү уланууда


Кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу Жалал-Абаддын Чаткалындагы Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунда карды атып түшүрүү зарылчылыгы келип чыккан. Тоолуу жол үстүндө топтолгон карды атып көчүрүү иштери 27-мартта башталды, 2-апрелге чейин уланат. Артиллериялык куралдын жардамы менен карды көчүрүү иштери Чапчыма ашуусунда жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. (RK)

XS
SM
MD
LG