Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:03

Казак чекисттери "террорчулардын" бетин ачты


Казакстандын коопсуздук кызматтары бир катар “террордук кутумдардын” бетин ачты. Башкы прокуратуранын билдиришинче, эми даярдалып жаткан террордук чабуулдардын жиби сүрүгүндөгү банкир, катталбаган оппозициячыл партиянын лидери Мухтар Аблязовго барып такалат. Расмий маалыматта террорчулар Алматынын бир катар коомдук жайларында жардырууларды уюштурууну пландаганы жана колго түшкөн бир нече адам күнөөсүн мойнуна алганы айтылат. Террордук операция Аблязовдун күзөтчүлөрүнүн башчысы Александр Павлов жана катталбаган оппозициячыл “Алга” партиясынын көрүнүктүү мүчөсү Муратбек Кетебаев жетеги астында даярдалып жаткан экен. Бул экөө тең азыр Казакстанда жашабайт. Аблязов 2009-жылы банкын бийлик тартып алгандан кийин Казакстанды таштап кеткен.

XS
SM
MD
LG