Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Ош менен Жалал-Абадга тоют жеткирүү иши уланууда


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сатып алган жем-чөптү атайын техника менен жеткирип берүү иштерин улантууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жалпысынан бул ишке 50 техника тартылган. 23-26-мартта Оштон Чоң-Алайга 1076 түк чөп жана 39 тонна жем ташылды. 27-мартта Чүйдөн Токтогулга 948 түк чөп жеткирилип берилди. Учурда Чүйдөн Кара-Кулжа, Аксы, Чаткал, Чоң-Алай, Алай, Тогуз-Торо райондоруна он унаа менен 1810 түк чөп жана 30 тонна жем ташылып баратат. (RK)

XS
SM
MD
LG