Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:53

Раев: Ала качуу - кыргыздын салтына жат көрүнүш


"Кыз ала качуу - кыргыздын салтына жат көрүнүш. Эзелтен кыргыздар үй-бүлө курууда кыздын да, жигиттин да ата-тегине карашчу. Жакшылап ойлонуп чечим чыгарчу, кудалашчу", - деп жооп берди "Айкын багыт" коомдук фондунун сурамжылоосуна катышкан коомдук ишмер, драматург Султан Раев.

Анын айтымында, кыз ала качкандар "Таш түшкөн жеринде оор" деген сөздү туура эмес чечмелеп жүрүшөт. Себеби анын чыныгы мааниси - адам отурукташкан жеринен тамыр алып, үй-бүлө күтүп, мекенин сүйүп жашашы керек дегенде.

Кыргыздын атактуу мырзаларынын арасында кыз ала качуу тууралуу пикирин билиш үчүн сурамжылоону "Айкын багыт" фонду жүргүзүп жатат. Фонд ала качуунун курмандыгы болуп өз өмүрүн өзү кыйган, зомбулукка кабылган кыргызстандык кыз-келиндер боюнча маалымат чогултат. Бул тууралуу "Азаттыкка" фонддун жетекчиси Мунара Бекназарова билдирди.

Буга чейинки сурамжылоого белгилүү кинорежиссер Нурбек Эген, саясат талдоочу Табылды Акеров, режиссер жана драматург Жаныш Кулмамбетов, кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров, ЖК депутаты Дастан Бекешев катышкан болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG