Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

Сирия Араб лигасынын эч кандай сунушун укпайт


Сирия бийликтери Араб лигасынан ушул аптадагы саммитинде айтылган ар кандай сунуш-демигени кабыл албайт. Бул жөнүндө Сириянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жихад Макдиси билдирди. Араб лигасы Сирияда бир жылдан бери жүрүп жаткан кандуу булоонду токтотууну тездетүү үчүн Сирияны 22 мүчөлүү уюмдан убактылуу чыгарып койгон. Буга байланыштуу Дамаск араб өлкөлөрү менен эки жактуу мамиле жүргүзөт,-деди Макдиси. Араб лигасынын тышкы иштер министрлери шаршемби күнү Багдадда өткөн саммитинде Сирияны куралдуу зобун-зордукту токтотууга жана оппозиция менен кызматташууга чакырган резолюцияны талкуулады. Араб лидерлери эртең Багдадда Сириядагы кырдаалды талкуулашат. Жыйынга лидерлердин тегиз келбеси айтылууда.

XS
SM
MD
LG