Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Кыргыз парламенти малга тоют жеткириш үчүн эки аскерий база учактарын ижарага алууну караштырууда


Кыргыз парламенти быйыл оор кышта обочодо калып, тоюттун жетишсиздигинен он миңдеген малынан айрылган чабандарга чукул арада тоюп жеткирүүнү талкуулады
“Ата-Журт” партиясынан депутат Нурлан Сулайманов түштүктө оор абалда калган малчыларга чындап жардам бериш үчүн 500 миң пресс-чөп, 15 миң тонна жем керек”, - деди. Депутаттын айтымында, жалпы өлкө боюнча жуттан өлгөн малдын саны 20 миңге жетти.

“Ар-Намыс” партиясынан депутат Эсенгул Исаков тоютту жеткиргенге өкмөттүн транспорту жетишпей турганын айтып, депутаттарды “Манас” аба базасындагы америкалыктардын жана “Кант” аба базасындагы орусиялыктардын учактарын ижарага алып, тоютту жеткирүүгө чакырды. Бул үчүн ал өздөрүнүн бир күндүк иш маянасын чогултууга үндөдү. (TD/KE)

XS
SM
MD
LG