Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

Human Rights Watch: Ооганстанда аялдардын ишин кароодо сот эскичилдигинен арыла элек


Аталган уюм шаршембиде жарыялаган докладда айтылгандай, президент Хамид Карзай аялдардын укугун коргоо жөнүндө ачык билдирүүлөрдү, убадаларды жасаганы менен, өлкөнүн кылмыш жаза кодекси аялдарды айтылуу “моралдык кылмыштар” үчүн катуу жазалоону улантууда.

Документке ылайык, бул өлкөдө Талибан режими кулатылганына 10 жылдан ашса да, азырга чейин Ооганстанда өз үйүндөгү күйөөсүнүн ур-токмогунан качкан аялдарды же башка эркектер менен жыныстык катнашка барган аялдарды түрмөгө камашат.

Уюмдан билдиришкендей, азыр түрмөлөрдө ошол “моралдык кылмышы” үчүн 400 аял отурат. Доклад ошол аялдардын, прокурорлордун, соттордун жана бейөкмөт уюмдардын интервьюларына негизделип жасалган.

XS
SM
MD
LG