Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

Бабанов тогузторолуктардан кабар алат


Бүгүн өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна барат. Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаровдун “Азаттыкка” айтымында, Бабанов Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолугуп, эки маселе боюнча сүйлөшөт. Биринчиси, узакка созулган кыштан эл кандай чыкты, калың кардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу, тоют, жалпы эле элдин социалдык абалы менен таанышуу. Ошондой эле өкмөт башчы өзү менен кошо муктаж үй-бүлөлөр үчүн ун ала барат.

Кечээ, 28-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында эриген кардан Жырма сугат каналындагы суу ашып кеткенин кабарлаган. Натыйжада 30 турак үйдүн ичин жана “Жаңыл-Мырза” бала бакчасынын эки кабат имаратынын жер төлөсүн суу (бийиктиги 30-40 см.ге чейин) каптап кеткен, 150 чамалуу кожолуктун короо жайын да суу каптаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG