Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:00

Жапонияда эки жылдан бери алгачкы өлүм жазасы ишке ашырылды


Жапониянын Юстиция министри Тошио Огава кечээ кабарлагандай, эң катаал жазага өкүм кылынган үч адам тындым кылынды. Алар бир топ адам өлтүрүү фактылары үчүн айыпталышкан жана үч башка түрмөдө өлтүрүлүштү. “Коомчулук ал кишилерди өлүм менен жазалоону колдогон”, - деди министр. Анткен менен өлтүрүлгөн кишилердин аты-жөнү айтылган жок. Маалыматка караганда, өлкөдө өлүм жазасына өкүм этилген дагы 132 адам бар. Жапонияда акыркы жолу өлүм жазасы 2010-жылдын июлунда аткарылган.

XS
SM
MD
LG