Линктер

шейшемби, 24-январь, 2017 Бишкек убактысы 17:17

Токмок кеңешине шайлоонун жыйынтыгы чыкты


Борборбук шайлоо комиссиясы Токмок шаардык кеңешине 4-мартта өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. №№7069, 7075, 7076, 7080 шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз делди. Шаар кеңештеги 31 мандаттын сегизи "Республика" партиясынын талапкерлерине тийди, "Биримдик" партиясы беш, "За наш город" шайлоочулар тобу төрт, социал-демократтар үч, "Акшумкар" партиясы эки, "Ар-Намыс" жана "Ата Мекен" партиялары бирден орунга ээ болушту. Дагы жети партия жана шайлоочулар тобуна бирден мандат тийди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Боршайком мүчөсү Рашид Бекбасаров билдирди. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG