Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Садыркуловдун өлүмү боюнча сот 5-апрелге калды


Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин администрациясын жетектеген Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча кылмыш ишти сотто кароо 5-апрелге калды. Бүгүн боло турган соттук жыйынга айыпталуучу тараптын айрым адвокаттары келбей калганына байланыштуу сот жылганын кабарчыбыз маалымдайт. Садыркуловдун өлүмү боюнча жаңыдан козголгон кылмыш ишин Ички иштер министрлиги тергеп, Аскер сотуна өткөрүп берген. Соттолуучулардын көпчүлүгү аскер адамдары болгондуктан ишти Аскер соту карай баштады. Бул иш боюнча соттук териштирүү ар аптанын бейшемби жана жума күндөрү өтмөй болууда.

2009-жылы мартта Казакстанга барып, кайтып келаткан Медет Садыркуловдун, айдоочусу Кубат Сулаймановдун жана Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Сергей Слепченконун күйгөн сөөктөрү Бишкектин тоо этегиндеги Кой-Таш айылына жакын жол боюнан табылган.

Учурунда бул жол кырсыгы деп аталып, бир киши кесилген. Бирок былтыр Ички иштер министрлиги кайрадан кылмыш ишин козгоп, айыпталуучулардын арасында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев жана дагы бир топ киши бар экенин айткан. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG